• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Европадагы кыргызстандыктар көбүнчө кандай кыйынчылыктарга туш болушат?

Коом 0

1600дөн ашуун кыргызстандык Бенилюкс өлкөлөрүндө жана Францияда жашайт. Алардын баары эмгек мигранттары жана студенттер. Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү жана Франциядагы консулу Руслан Бекболотов журналисттерге Европадагы кыргызстандыктар кандай кыйынчылыктарга туш болушарын жана көбүнчө кайсы тармактарда биздин жарандар эмгектенишерин айтып берди.

- Сизге тапшырылган өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар эмне менен алектенишет?

- Биздин жарандар көбүнчө ташып жеткирүү жана тейлөө тармагында эмгектенишет. Дагы бир багыт бар – бул легиондо кызмат өтөө. Францияда кыргызстандыктар легиондо кызмат өтөй алышат жана бул жарандык алуунун эң тез жана ишенимдүү жолу. Эң негизги талап – ден соолуктун чың болушу. Легиондо кызмат өтөө үчүн адамдын өтмүшүнүн кандай экендиги маанилүү эмес. Чыныгы атын атабай деле койсо болот. Келишим түзүлүп, легионерлер керек болгон учурда легионерлер согуштук аракеттерге катышууга милдеттендирилет. Бүгүнкү күндө ал жакта канча кыргызстандык бар экени – сыр. Бизге ал жакта кызмат өтөп бүткөндөр жөнүндө гана маалымат берилет, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын 20 жараны кызматын өтөгөн.

- Парижде элчиликтин өкүлчүлүгү барбы?

- Жок, Парижде өкүлчүлүк жок. 3 айда бир мен ал жакка биздин жарандар менен жолугушуу үчүн барам. Мен биздикилердин көйгөйлөрүн жеринен чечүү үчүн барам. Брюсселге 50-60 адам келгенине караганда мен өзүм жалгыз ал жакка бир күнгө барганым жеңилирээк болот. Алар жумуштан суранбашы үчүн дем алыш күндөрү барам. Алар көйгөйлөрүн ар кандай байланыш каражаттары аркылуу эртерээк билдиришет, мен алдын ала документтерди даярдайм. Ошондой эле ал жакта бизге жана биздин жарандарга жардам берген Франциядагы кыргызстандыктардын ассоциациясы бар.

- Франциядагы жана Бенилюкс өлкөлөрүндөгү биздин жарандар көбүнчө кандай көйгөйлөргө туш болушат?

- Жарандар алдамчылардын аракеттерине кабылган көп учурлар болот. Документтери, акчалары жок жарандарыбыз чалышат. Кайсы бир фирма Париждеги жарандарды жумушка орноштурууга милдеттеме алып, акча алышат. Жарандар Парижге келишкен соң фирманын өкүлдөрүнүн телефондору өчүк болот. Ал эми аэропорттон аларды алып, виза ачуу үчүн паспортторун алган адамдар жоголуп кетишет. Ушундай учурлардан соң алар бизге кайрылышат, биз алар үчүн паспортторду даярдап берип, жашоочу жай беребиз. Акыркы жарым жыл ичинде 6 адам алдамчылыктын курмандыгы болду.

- Сиздерде "200 жүгүн" жиберүүлөр болобу?

- Тилекке каршы, жылына 1-2 жолу болот.

Пикир

Оставить комментарий