• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Европалык кеңеш Борбор Азия боюнча жаңы стратегияны жактырды. Документ Бишкекте тартууланат

Саясат 0

Брюссель, 17.06.19. /Кабар/. Европалык кеңеш Борбор Азия (БА) жана Европа биримдигинин өз ара кызматташуусу боюнча жаңы стратегияны жактырды. Бул тууралуу Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы байланыштар кызматы билдирет.

Аталган документ Европа кеңеши тарабынан бүгүн кабыл алынган. Бул органга Евробиримдиктеги 28 өлкөнүн лидерлери кирет.

Белгилүү болгондой, жаңы стратегия 7-июль күнү Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин катышуусунда тартууланат.

“Кабыл алынган стратегия ар кыл тармак боюнча бекем, заманбап жана кеңири кызматташууну камтыйт”, - деп айтылат маалыматта.

Европа кеңешинин жана аймактын дипломаттары 1,5 жылдан бери иштеп келген 16 беттик документ “Европалык биримдик жана Борбор Азия: бекем өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” деп аталат.

Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосунда келишимге үстүбүздөгү жылдын июль айында Бишкекте кол коюу пландалууда. “Июль айынын башында Европа биримдигинин тышкы иштер жана саясат боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини Бишкекке барат. Ошол сапардын алкагында Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда келишимге кол коюу күтүлүүдө”, - деп кошумчалашты Европалык тышкы иштер кызматынан.

Эске сала кетсек, Европа биримдиги менен Борбордук Азиянын биринчи стратегиясы 2007-жылы кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий