• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Европалык климатологдор 2017-жылды катастрофалар жылы деп тааныды – Кыргызгидромет директору

Коом 0

Бишкек, 28-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Европалык климатологдор 2017-жылды катастрофалар жылы деп тааныды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызгидрометтин директору Зарылбек Итибаев билдирди.

Анын айтымында, климат кандай жагына - жылуулук же сууктоо багытында өзгөрүп бара жатканы боюнча азырынча талаш-тартыштар бар.

“Кеп шамал жана жаан-чачындын режими өзгөрүп бара жатканында. Бизде мындай кырдаал 1994-жылы тоңо элек жерге кар жаап, кийин ээрип, топуракка сиңип, жер көчкүлөрүн пайда кылганда орун алган. Былтыркы жылы жаздын суук болушунан жана жайдын келиши менен кар чийини 3,5 миң метр бийиктикке жылып, муздар ээрибей калган. Эгер кардын ээришинин режими демейдегидей болсо, тактап айтканда, августта 4 миң метрден ашыгы ээрисе, бийик тоолуу көлдөрдүн жырылышы мүмкүн. Кардын ээрүү режими бирдей болбосо, 1998-жылдагы Сузакта селден 1200 үй жабыркаган кырдаал кайталанат”, - деди ал.

Ошондой эле, Зарылбек Итибаев калк менен иштөө иштери айыл өкмөттөрүндө да жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

“Бирок, кооптуу аймактардын көпчүлүк жашооочулары биздин эскертүүлөрдү тоготпой коюшууда. Алар ссуда алышканы менен көчүп кетпей жатышат. Себеби, малчылардын 4 сотук жер тилкесине батпай турган 120 баштан малы бар. Кээде тургундар аларга бир нерсе болсо, өздөрү күнөөлүү боло тургандыгы жөнүндө тил кат жазып берген кырдаалдар да бар”, - деп кошумчалады З.Итибаев.

Пикир

Оставить комментарий