• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Европарламент депутаттары казак бийлиги менен саясий туткундар маселесин талкуулашты

Дүйнө 0

Бишкек, 12.05.18. /Кабар/. 10-майда Казакстан межилисинде парламент депутаттары менен Европарламент делегациясы кездешти. Жыйындан соң журналисттер менен жолугушкан Европарламент делегациясынын жетекчиси Ивета Григуле Казакстанда болгон нааразылык акциялары тууралуу бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн айтты.

- Ооба, бул маселе күн тартибинде болду. Келерден мурун электрондук почтабызга саясий туткундар тууралуу каттар көп түштү. Башкы прокуратурадан кошумча маалыматтарды алабыз. Биз Макс Бокаевдин ден соолугу тууралуу кабар алдык, - деди Ивета Григуле.

Ивета Григуле Европарламент Казакстандагы саясий туткундарды бошотуу талабы менен чыккандар боюнча казак бийлигине түз көрсөтмө бере албай турганын кошумчалады.

- Бул суроону мажилисте көтөрдүк. Элчилигибиз ушул маселе боюнча күндө жумуш алып барат. Бирок биз эч кимди мажбурлай албайбыз. Өз тажрыйбабыз менен бөлүшүп, далилдерди топтоого аракет жасайбыз, - деди Ивета Григуле.

10-майда Казакстандын Астана, Алматы, Орол, Актөбө, Атырау, Семей жана Чымкент шаарларында “саясий туткундарды камактан чыгарууну талап кылган” нааразылык акциялары өткөн. Астана менен Алматыдагы митингге катышкан ондогон адамды полиция "урусат берилбеген көчө жыйынын өткөрүп жатышат" деген негизде күч менен кармап кеткен. Кармалгандардын бир тобу административдик жазага тартылды.

Пикир

Оставить комментарий