• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Европарламент Казакстанды адам укугун сыйлоого жана саясий репрессияларды токтотууга чакырды

Дүйнө 0

Бишкек. 15.03.19 /Кабар/. Европарламент 14-марттагы Брюсселдеги отурумунда Казакстандагы адам укуктарынын абалы боюнча резолюция кабыл алды. Анда Европарламент казак бийлигин "эл аралык милдеттенмелерин аткарууга, адам укугун, жарандык эркиндиктерди сыйлоого, саясий репрессияларды" токтотууга чакырды.

Резолюцияда Казакстанда Кылмыш кодексинин 174-274-беренелери бурмаланып, жарандык активисттер менен журналисттерди куугуттуктоодо колдонулуп жатканы айтылат, деп жазды centralasian.org.

Документте активисттер Нурбек Кушакбаев, Амина Елеусинова, Лариса Харькова, Абловас Жумаев, Асет Абишев, Искадер Еримбетов жана башкалардын ысымдары аталган.

Ошондой эле өлкөдө саясий туткундардын саны көбөйүп жатканы, абактагыларды, кармалгандарды кыйноого алгандар жазаланбаганы кадыресе көрүнүшкө айланып баратканы, аялдарга карата зомбулук, ЛГБТ өкүлдөрүн дискриминациялоо күчөгөнү кошумчаланган.

Казакстанда акыркы айларда бийликке каршы нааразылык акциялары өтүп, ондогон кишилер кармалган. Акцияда жумуш берүү, маянаны жогорулатуу, социалдык шартты жакшыртуу тууралуу талаптар айтылып келет. Айрым катышуучулар президент Нурсултан Назарбаевдин отставкасын да талап кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий