• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Евровидение 2018" сынагы Лиссабондо өтөт

Маданият 0


Бишкек, 26-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Белгилүү сынактардын бири "Евровидение 2018" келерки жылы Португалиянын Лиссабон шаарында өтөт. Бул тууралуу Европа каналы өзүнүн расмий сайтына жазган.

Маалыматка ылайык, жарым финал 8-10-майда, ал эми финал 2018-жылдын 12-майына белгиленген.

Ошондой эле, уюштуруучулар сынакка болгон даярдыктар боюнча промо-ролик тартышкан. Белгилүү болгондой, Португалиялыктар 2018-жылы 200 млн конокту жана 1500го чукул ММК өкүлдөрүн чакырууга даяр экендиктерин билдиришкен.

Эскертек кетсек, Португалия 2018-жылы "Евровидение" сынагын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жеңип алган.

Эл аралык "Евровидение” сынагы 1956-жылдан бери өтүп келет. Ага 600 млн го чукул көрүүчү чогулат.

Сынакка катышууга арызын калтырган бардык мамлекеттерден бирден конкурсант катышып, сынак түз эфирде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий