• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Евровидение 2019" сынагы Израилде өтөт

Дүйнө 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Белгилүү сынактардын бири "Евровидение 2019" быйыл Израилдин борбору Тель-Авивде өтөт. Бул тууралуу РИА Новости кабарлайт.

Маалым болгондой, иш-чара май айында өтөт.

Португалиянын борбору Лиссабондун вице-мэри Дуарте Кордейро Евровидениенин ачкычын Тель-Авивдин мэри Рон Хульдаиге тапшырган.

2008-жылдан тартып уланып келе жаткан салтка жараша Лиссабон шаары Евровидениенин ачкычындагы шакекчеге шаардын символун тиркеген. Ал шакекчеде сынакты өткөргөн өлкөлөрдүн атрибуту тиркелген.

Эми чучукулак өткөрүлүп, катышуучу өлкөлөр жарым финалда кандай тартипте күрөшө тургандыгы чечилет.

Пикир

Оставить комментарий