• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Expo-2020: БАЭнын мамлекеттик телеканалы Кыргызстандын павильону жөнүндө 7-ирет репортаж жасады

Маданият 0

Бишкек. 20.01.22. /Кабар/. Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик телеканалы Expo-2020 көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын павильону жөнүндө жетинчи ирет атайын репортаж жасады. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Abu Dhabi Media ири медиа тобунун курамына кирген Аbu Dhabi TV телеканалынын журналисттери ата мекендик экспозициясына кечээ,19-январда келип кетишти.

Бул репортаж Кыргызстан Expo-2020 иш-чарасына катышкандан бери жетинчиси болуп калды.

Журналисттер БАЭнин кеңири аудиториясын павильондун ички контенти менен тааныштырды: интерактивдүү боз үй, улуттук тамак-ашты чагылдырган мультимедиялык стол, Кыргызстандын жаңы картасы, заманбап техниканы колдонуу менен элдик чыгармаларды аткаруунун музыкалдык проекциясы ж.б.

Репортаж учурунда журналисттер эки ирет студия менен түз эфирге чыгып, Кыргызстандын дүйнөлүк көргөзмөгө катышуу концепциясы тууралуу айтып берип, бал продукциясына көңүл бурушту. Мындан тышкары, Кыргызстандын уникалдуу табиятына өзүнчө токтоло кетишип, өлкөнү көрүп кетүүгө сунушташты.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 12-январында Expo-2020нын алкагында Кыргызстандын павильонуна Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдалла бен Тоук Аль Марри баш болгон делегация келип кеткен. Өкмөт мүчөсү бал продукциясынын БАЭнин рыногуна чыгуу потенциалын белгилеп кеткен болчу.

Эске салсак, Кыргызстанда Кыргыз-Эмират ишкердүүлүк Кеңешин түзүү пландалууда. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасы жана БАЭнин Соода-өнөр жай палаталарынын федерациясы ортосунда бекитилген өз ара түшүнүшүү Меморандумунда айтылат.

Пикир

Оставить комментарий