• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эже-сиңди Шевченколордун беттеши болобу? Валентина Шевченконун жообу

Спорт 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. Валентина Шевченко менен Антонина Шевченконун беттеши болбойт. Бул тууралуу кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Спортчу эжесинен көп нерсени үйрөнгөнүн айтып, ал менен беттешпей турганын белгиледи.

"Антонина менен чогуу машыгабыз. Ал менден биринчи спорт менен машыга баштаган. Мен үчүн үлгү болду. Беттеш боюнча айтсам, андай беттеш болбойт. Антонина айтмакчы, апабыз да аны колдобойт", - деди спортчу.

Эскерте кетсек, Валентинанын бир тууган эжеси Антонина да UFC мушкери болуп келет. Ал былтыр декабрь айында UFC мелдешинин алкагындагы алгачкы беттешинде түштүк кореялык Жи Йон Кимди утуп алган. Анын келерки беттеши ушул айдын жыйырмасында Санкт-Петербург шаарында болуп өтөт. Анда ал америкалык мушкер Роксанн Модаффери менен беттешет.

Белгилей кетсек, UFC чемпиону Валентина Шевченко кечээ, 7-апрель күнү өзүнүн машыктыруучусу Павел Федотов менен бирге Бишкекке учуп келишкен.

Пикир

Оставить комментарий