• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эмил Осмонбетов Дыйкан – Кара-Кече жолундагы абал менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов Кара-Кече кенине барып, Дыйкан – Кара-Кече жолундагы тоо көчкүдөн кийинки абал менен таанышып келди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Мурда маалым болгондой, КР ӨЭЖМК жол тазалоого техникаларды тартуу жана жергиликтүү карьерди электрэнергия менен камсыздоо иштерин алып барууда. Бүгүнкү күндө Кара-Кече бөлүмүн альтернативдүү электрэнергия менен камсыз кылуу үчүн генераторго туташтырылган. Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунун курулуш иштери аяктаган соң, электр зымдары өз калыбына келтирилет.

Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 14-сентябрында Кара-Кече тоосунда жер көчкү жүрүп, жол тилкелерин жана 1 чарчы метр убактылуу өтмө жолун жаап калган. Болжол менен жер көчкү 2 млн куб көлөмүндө түшкөн.

2020-жылдын 15-сентябрында жергиликтүү жерди изилдөөнүн негизинде убактылуу айланып өтмө жолун тазалоо мүмкүн эмес экендиги аныкталган.

Ушул көйгөйдү чечүү максатында тоо көчкү түшкөн жердин маңдайына 3,2 чарчы метр аралыкта жаңы убактыдуу жол жана 6 чарчы метр болгон кичи көпүрө салуу сунушталган.

Азыркы убакта 2 бульдозер, 2 экскаватор жеринде иш алып бюарууда. Ал эми 2 экскаватор жолдо келе жатат, иш 16-сентябрда башталган.

Пикир

Оставить комментарий