• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ф. Ниязов: «Партиянын чечимин колдобогондорго анда орун жок»

Саясат 0

Бишкек, 15-июль /Салтанат Абдраева - Кабар/. Партиянын чечимин колдобогондорго анда орун жок. Бул тууралуу Фарид Ниязов журналисттердин Чыныбай Турсунбековдун талапкерлиги боюнча берген суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында кечээ, спикер Чыныбай Турсунбеков съездде ага сөз берүүсүн суранган. Ал эми анын бүгүнкү айткан сөздөрү боюнча Фарид Ниязов төмөнкүлөрдү билдирди: «КСДПнын башка талапкерлери болгону түшүнүктүү иш. Менин докладымда айтылгандай партиянын уставына шилтеме берилген, тагыраагы дүйнөлүк практикада дагы башка партияларда таанышуу жүрүп жатканда ошол талкуунун негизинде бардык далилдер кабыл алынат. Бирок съезддин чыгарган чечиминен кийин, дүйнөдө кабыл алынгандай бардык талапкерлер съезд бекиткен кандидатты колдоого алышат. Бардык мурдагы талапкерлер партия бекиткен талапкерди колдойт. Талапкер статусту съезд бекитип, БШК каттагандан кийин алат. Бул дүйнөлүк практика»,-дейт Ниязов.

Ошондой эле, Фарид Ниязов съезддин чечими аткарылыш керектигин, себеби ал партиянын чечими экенин баса белгиледи.

Бүгүн КСДП партиясынын 16-съездинде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган партиянын атынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо ушул жылдын 15-октябрында өтөт. БШКнын расмий маалыматына ылайык азырынча талапкерлердин саны 26га жетти.

Пикир

Оставить комментарий