• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ф.и.д. К.Исаев: Мен Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин бир нече себеп менен колдойм

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 12.09.17 /Кабар/. "Мен Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин бир нече себеп менен колдоп атам", - деп билдирди экономист, социолог, философия илимдеринин доктору Кусеин Исаев Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

“Мен 45тен ашуун китептердин, 1000ден ашуун макалалардын авторумун. Булардын баары кыргыз ким болгон, бүгүн ким жана келечекте кандай болот дегенге арнап жазылган. Мен эмне себептен Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп жатам? Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, Сооронбай Шарипович накта тоолук каракулжалыктардан. Экинчиден, ал көп балалуу үй-бүлөдө өсүп эр жетилген, кадырлуу атанын татыктуу уулу. Атасы Шарип аксакал балдарына туура тарбия берүүгө абдан көп көңүл бурган, ар бирине жакшы билим берүүгө умтулган. Биз, көлдүктөр, Кыргызстандын президенти болууга татыктуу, көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан, эң сонун билим алган накта тоолук жигит Сооронбай Жээнбековду колдошубуз керек”, - деген Кусеин Исаев, жердештерин сыймыктануу жана эч күмөн санабастан Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө чакырып кетти.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов көч. 175
  • КРПрезиденттинкызматордунаталапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылганкүнү: 12.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий