• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ф.Ниязов Жээнбеков премьерликти өткөрүп бериш керекпи деген суроого жооп берди

Саясат 0

Бишкек, 15-июль /Салтанат Абдраева Кабар/. «КСДП»партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов журналисттердин учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматын өткөрүп бериш керекпи, деген суроосуна жооп берди. Эскерте кетсек, «КСДП» пратиясы 16-Съездинде Сооронбай Жээнбековдун президенттикке талапкерлигин көрсөттү.

«Сооронбай Жээнбеков эми президенттикке талапкер катары БШКдан каттоодон өтүшү керек. Андан кийин анын эки тандоосу бар: өкмөт башчылыкты өткөрүп берүү, же убактылуу токтотуу. Мыйзам буга жол берет. Бул эки жолдун кайсынысын тандайт ал өзү билет»,-деди Фарид Ниязов.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. БШКнын акыркы маалыматына ылайык, азырынча президенттикке талапкер болууну көздөгөндөрдүн саны 26га жетти.

Пикир

Оставить комментарий