• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Facebook 5 млрд долларга айыпка тартылышы мүмкүн

Дүйнө 0

Бишкек. 25.04.19 /Кабар/. АКШнын Федералдык соода комиссиясы (Federal Trade Commission) Facebook социалдык тармагын 5 млрд долларга айыпка тартышы мүмкүн. Бул тууралуу The Associated Press жазды.

Маалыматка ылайык, Facebook колдонуучулардын жашыруун маалыматтарын сактоо талаптарын бузулгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Азырынча кандайдыр бир чечим кабыл алына элек.

Өткөн жылы Cambridge Analytica компаниясы өзүнүн Facebook'тагы тиркемеси аркылуу колдонуучулардын жеке маалыматтарын чогултуп жүргөнү белгилүү болгон.

The Straits Times басылмасы оз булагына шилтеме кылып айып пулдун суммасы 3 млрд 5 млрд чейин болушу мүмкүн деп жазат.

Facebook компаниясынын 2019-жылдын I кварталында кирешеси 51% түшүп, 2,43 млрд долларды түздү.

Пикир

Оставить комментарий