• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Facebook россиялык Sputnik агенттигинин баракчаларын өчүрүп салды

Дүйнө 0

Бишкек, 18.01.19 /Кабар/. Америкалык Facebook социалдык тармагы россиялык Sputnik агенттигине тиешелүү бир нече баракчаларды өчүрүп салды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Facebook'дун кибер коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Натаниель Глейхердин маалыматына караганда, 364 баракча өчүрүлгөн. Бул баракчалар Россияда ачылып Балтика, Борбор Азия, Кавказ, Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө бирдиктүү координациялык ишмердикке тиешеси бар деп өчүрүлгөн.

Андан тышкары, Facebook'дагы 107 баракча жана Instagram'дагы 41 аккаунту өчүрүлгөн. Компаниянын маалыматы боюнча, бул аккаунттар өздөрүн украиналыкбыз деп көрсөткөнү менен, "Орусия менен байланышы бар" кабарланат.

Russia Today менен МИА "Россия сегодня" медиамекемелеринин башкы редактору Маргарита Симоньян Facebook компаниясын Sputnik агенттигине тиешелүү баракчалар жана аккаунттар эмне себептен жабылганын түшүндүрүп берүүнү талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий