• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Facebook саясий жарнаманы жайгаштыруу принциптерин кайра карап чыгат

Дүйнө 0

Бишкек, 12.10.17 /Кабар/. Facebook компаниясы өзүнүн платформасында саясий жарнаманы жайгаштыруу принциптерин кайра карап чыгып, 2018-жылдын ноябрына белгиленген АКШ Конгрессин шайлоого чейинки регламентке айрым өзгөрүүлөрдү киргизүүсү мүмкүн. Бул тууралуу бейшемби, 12-октябрда социалдык тармактын иштеп чыгуу директору Майк Шропфер билдиргенин Deutsche Welle билдирди.

“Биз учурда мунун баарынын үстүндө жигердүү иштеп жатабыз, компания бардыгын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурат”,- деп Reuters агенттиги анын сөздөрүнө шилтеме кылат.

Өзгөртүүлөрдү киргизүү оңой эмес экенин, анткени Facebook мыйзамдуу жарнамага жолтоо болууну каалабай турганын Шропфер баса белгиледи.

Шропфердин айтымында, компания жарнамалык билдирүүлөрдү Facebook шарттарына ылайык көзөмөлдөө үчүн бул айда 1000ден ашуун жаңы кызматкер алууга ниеттенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий