• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Facebook өзүнүн аталышын өзгөртүшү мүмкүн

Дүйнө 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Facebook компаниясы келерки аптада аталышын өзгөртүүнү пландап жатат, деп билдирди Verge порталы.

“Facebook ал “мета аалам” курууга багытталганын чагылдыруусу үчүн кийинки жумада аталышын өзгөртүүнү пландап жатат”, - деп айтылат порталдын сайтында.

Социалдык тармактын башчысы Марк Цукерберг компаниянын аталышын өзгөртүүнү жыл сайын өтүүчү Facebook Connect аттуу конференцияда талкуулоону пландоодо.

Порталдын маалыматына ылайык, ребрендингдин натыйжасында Facebook башкы компаниянын көзөмөлү астында көптөрдүн бири болот.

Жаңы аталыш азырынча сыр бойдон калууда, жетекчиликтин айрым мүчөлөрү дагы билбейт. Facebook тарабынан көрсөтүлгөн виртуалдык офис Horizon менен кандайдыр бир байланышы болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий