• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Facebook’та Кыргызстандагы ишкерлердин жабык тайпасы ачылды

Экономика 0

Бишкек, 21.12.18. /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Facebook социалдык тармагында Кыргызстандагы ишкерлер үчүн жабык тайпа ачылды. Демилгечи экономика министри Олег Панкратов, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Бул тайпага чыныгы бизнес өкүлдөрү, адистер, чиновниктер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана экономикалык теманы так, калыс талкуулагысы келген гана жарандар кирет.

Экономика министри белгилегендей, министрликтин ишмердүүлүгүн социалдык тармактарда талкууга алуу жакшы жактарын көрсөткөн.

Ал тайпага министрликтин бир кызматкери кирип, талкуу жана өтүнүчтөргө ыкчам аракеттерди көрүп турарын белгиледи.

“Эмнеге бизнес үчүн тайпаны каттоону сунуштадык? Бул чиновниктерге катышуучулардын курамын тескөөсүнө, ыңгайсыз адамдарды өчүрүүгө жол бербейт. Бирок талкууга жалган колдонуучулар катыша албайт. Ишеничтүү колдонуучулар гана пикир калтыра алышат. Анын да эрежелерин иштеп чыгуу керек. Аны аткарбагандар тайпадан чыгарылат”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий