• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"FactСheck.kg" сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салууга шектелип 4 адам кармалды. Сүрөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. "FactСheck.kg" сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салууга шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 14-январында Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Д.Б., 1993-жылы туулган А.Б., 1992-жылкы Э.Ж. жана 1994-жылы туулган А.О., аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары кармалышкан.

14-январь күнү эртең мененки саат 07:00дө КРдин Жазык кодексинин 201-беренсинин 2-бөлүмүнүн 1, 2-пунктары жана 3-бөлүмүнүн 3-пункту (адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тоноо) менен Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыштын баардык жагдайларын аныктоо максатында тергөө амалдары уланууда.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 9-январында саат 12:45 чамасында Бишкек шаарынын Эркиндик бульварында "FactСheck.kg" сайтынын башкы редактору Болот Темировго азият тектүү үч жаран кол салган. Күч колдонуу менен сабап, “Самсунг Ж-7” үлгүсүндөгү 4 миң сомдук уюлдук телефонун алып белгисиз тарапка качып кетишкен.

Ошол эле күнү аталган факты Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, КРдин Жазык кодексинин 201-беренесинин 1-бөлүмү (тоноо) боюнча иш козголгон.

Пикир

Оставить комментарий