• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Фарид Ниязов: Бабанов кайрадан элдин башын айландырууда

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. "Мага Ɵмүрбек Бабановдун президенттикке талапкер А. Атамбаевдин шайлоодогу үгүт кампаниясын кантип каржылаганы белгисиз. Бирок мен 2011-жылы А. Атамбаевдин шайлоо штабынын жетекчиси болгом. Шайлоо фонду кайсыл каржы булактарынан түзүлгɵнүн билем", - деп билдирди президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабынын жетекчиси Фарид Ниязов.

Ошондуктан, Ф.Ниязов белгилегендей, Ɵ. Т. Бабановго элдин башын айландыруунун кереги жок.

"Бир нерсени тактап кетсем: 2009-жылы ал биринчи-вице-премьер кызматынан октябрь айында кеткен. А президенттик шайлоо 23-июлда ɵткɵн. Тагыраак айтканда, 2009-жылдагы шайлоодо Ɵ. Бабанов менен агездеги премьер-министр И. Чудинов расмий түрдɵ шайлоо боюнча республикалык штабды жетектешкен",-деп белгиледи ал.

"Баса, 2009-жылы мен да А. Атамбаевдин штабында иштегем, ошондо «административдик ресурс» эмне экенине толугу менен күбɵ болгом. Биздин шайлоо роликтерибиз түн бир оокумунда кɵрсɵтүлсɵ, бүткүл ɵлкɵ боюнча 30 биллбордду гана илүүгɵ уруксат беришкен. А менин авто унаамды (ошондой эле штабдын башка кызматкерлеринин да) шайлоого бир ж ума калганда күнүнɵ эки жолудан МАИ кызматкерлери токтотушуп, текшерүүгɵ, тинтүүгɵ алып турушкан.

Ɵ. Бабановдун «акчаны Бабанов эмес, а бийликтин талапкери таркатып жатат» деген билдирүүсү мени шок кылды. Бул эми бет тырмарлыктын жеткен чеги да. Жер-жерлерден келген маалыматтар акчаны ким таратып жатканын айтып жатпайбы. Эл Бабанов менен анын тарапташтарын добуштарды сатып алып жаткандары үчүн айыпташууда. «Бабанов» жана «добуштарды сатып алуу» деген түшүнүктɵрдү эл синоним сɵздɵрдɵй эле кабыл алып калышты",-деп баса белгиледи штаб жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий