• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Фарид Ниязов кызматынан кетпейт

Президент 0

Бишкек, 27.02.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн аппарат жетекчиси Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, 24-февралда Жээнбеков менен Ниязов ооз эки сүйлөшүшкөн, анда Фарид Ниязов мамлекет башчысына ээлеген кызматтан кетүү ниети бар экендигин билдирген, бирок президент анын өтүнүчүн кабыл алган жок.

“26-февралда Фарид Ниязов президентке кызматтан кетүү тууралуу арызы менен кирген. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жок, чогуу иштешүүнү сунуштап, Ниязовдун президенттик шайлоодон кийин эс албагандыгын эске алып, бир жумага уруксат берди”,-деп кошумчалады Стамалиева.

Эске сала кетсек, күн мурун бир катар ЖМКлар өздүк булактарга таянып, Ниязов ээлеген кызматына кетүүдө деп жазып чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий