• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Фарид Ниязовго карата арыз жазылды - Башкы прокуратура

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Маалыматтарга ылайык, 20-март күнү милицияга, 2010-жылы 6-7-апрелде жабыркагандар менен каза болгондордун туугандарына социалдык колдоону координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Фарид Ниязовду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча арыз келип түшкөн. Бул маалыматты "Кабар" агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ырастады.

М.Ч. аттуу жарандын арызы Кылмыш жана жосундардын бирдиктүү реестринде катталган. Тийиштүү органдар ага юридикалык баасын берип жатышат. Иштин материалдары Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий