• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү дарыканалардагы бааларды жөнгө салбастыгын билдирди

Ден соолук 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында борбор калаанын фармацевтикалык компанияларынын өкүлдөрү менен шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевдин катышуусунда жолугушуу болуп өттү.

Түлөбаев жарандар эмне үчүн дарыканаларда дары-дармектердин баасы жогору болгонуна нааразычылыгын билдирип жатканын сураганда, фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү бааларды жөнгө салбайбыз деп жооп беришти.

"Дары-дармектер дарыканаларга көбүнчө дүңүнөн жеткирилет. Жеткирүү менен алектенгендер каржылык жагын өздөрү жөнгө салат", - деди өкүлдөрдүн бири.

Өз кезегинде Түлөбаев тийиштүү органдарга бул жагдайды жөнгө салууну тапшырды жана фармацевтикалык компанияларды мындай абалдан өз кызыкчылыгына пайда көрбөөгө чакырды.

“Сиздер биринчи кезекте шаар тургундары кыйын абалда болгонун ойлонушуңуздар керек. Жарандарга жардам берүүнүн ордуна аларды оор абалга түртүп жатасыңар. Жакшылап карап чыккыла”, - деп белгиледи Түлөбаев.

Мындан тышкары, ал дүң жеткирүүчүлөрдү чогултуп, алар менен учурдагы абалды талкуулоого убада берди.

Пикир

Оставить комментарий