• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Фармкомпанияларга министрлик жана ММК фонду 1 млрд 200 млн сом карыз болуп калган

Ден соолук 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Фармацевтикалык компанияларга Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) фонду 1 млрд 200 млн сом карыз болуп калган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Бейшеналиев фармкомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгилеп кетти.

"Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду фармкомпанияларга карыз болуп калган. Анын 540 млн сому төлөнүп берилди. Алар жардам беребиз деп жатат. Учурда 1,5-2 айга жете турган дары-дармектердин запасы бар. Дагы 3-4 айга жеткирүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - дейт министр.

Жаңы министр кошумчалагандай, коронавирусту дарылоо боюнча жалпы 29 миң 170 дарыгер окуудан өттү.

Пикир

Оставить комментарий