• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Фастфуддарды кантип жебей коюуга болот?

Дүйнө 0

Бишкек, 5-июнь /Кабар/. Америкалык илимпоздор зыяндуу тамактарга болгон кумарды кайтаруунун жолун табышты. Жаңы азык кошулмасы жана инулин-пропионат майы кумардын алдын алып гана тим болбостон, зыяндуу тамак-аштарды аз өлчөмдө жегенге мажбур кылат. Изилдөө натыйжалары American Journal of Clinic Nutrition журналында жарыялангандыгын “Соф.уз” порталы билдирет.

Буга чейин инулин азыктарды жегенде мээге көнүгүү сигналы берилери маалым болгон. Инулин-пропионат майы пропионат иштеп чыгарууну 2,5 эсеге ашырат.

Лондон империя колледжинин профессор Гери Фростом жетектеген изилдөөчүлөрү 20 каалоочудан турган топко изилдөө жүргүзүштү. Алардын бир бөлүгүнө жаңы кошумчалар менен сүттүү коктейл беришти. Калгандарына болсо кадимки инулин беришти. Андан соң аларга аз жана көп калориялуу (салат, балык, шоколад, таттуулар) азыктардын сүрөтү көрсөтүлгөн. Бул учурда алардын мээсинин абалын МРТ аркылуу көзөмөлдөп турушту. Пропионат кабыл алгандар жогорку кубаттуу азыктардын сүрөтүн караганда, алардын мээ системасында аз аракет байкалган.

Изилдөөчүлөр кийинки баскычта каалоочуларга томат соусун каалашынча жегенге беришти. Инулин-пропионат эфирин колдонгондор, кадимки инулин жегендерден 10 эсе аз азыктанышты.

Пикир

Оставить комментарий