• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ФБР Бразилия кантип Олимпиада-2016нын уюштуруучусу болуп калганын иликтөөдө

Дүйнө 0

Бишкек, 13.12.17 /Кабар/. Федералдык иликтөөлөр бюросу (ФБР) 2016-жылдагы жайкы Олимп оюндарын өткөрө турган өлкөнү тандоодо мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу маалыматтарды текшерүүдө. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, мекеме Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлөрүнүн добуштарын сатып алуу, ошондой эле олимпиадалык атрибуттарды сатуу жана оюндарды өткөрүүгө байланышкан кызматтарды көрсөтүү боюнча пайдалуу келишимдерди түзүү үчүн пара берилгендиги тууралуу маалыматтарды иликтөөдө.

Бул ишти 2015-жылы дүйнөлүк футболдогу ири коррупциялык фактыларды аныктап, эки жыл бою орусиялык спортчулардын допинг колдонгондугу тууралуу маалыматтарды иликтеген тергөөчүлөр тобу жүргүзүүдө.

Америкалык адистер тергөө иштерине Бразилия жана Франция бийликтеринин өтүнүчү менен кошулууда. Алардын биргелешкен аракеттеринин жыйынтыгында октябрда Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлөрүн сатып алууга тиешеси бар Бразилиянын Олимпиада комитетинин мурдагы төрагасы Карлос Нузман кармалган.

Пикир

Оставить комментарий