• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Федерация кеңеши кыргызстандыктарга Россияда кыргыз айдоочулук күбөлүгү менен иштегенге уруксат берет

Коом 0

Бишкек, 5-июль /Кабар/. Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко ишкерлик менен алектенген, же иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандарына Россиянын аймагында кыргыз айдоочулук күбөлүгү менен жүрүүгө уруксат берүүнү колдойт,- деп жазат РИА Новости.

КМШнын ишмердүүлүгүн караган Мамлекеттик думадагы комитет июнь айынын аягында Россия президенти Владимир Путинге ташып жеткирүү тармагында эмгектенген Кыргыз жарандарына өздөрүнүн айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө уруксат берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушун киргизген.

Эскерте кетсек, Россияда 1-июндан тартып чет элдик жарандарга жана эл аралык айдоочулук күбөлүк менен Россиянын аймагында транспортту башкарганга тыюу салынган.

“Мен мындай тыюу салууну Кыргыз жарандарынан алып салуу сунушун толугу менен колдойм. Себеби Кыргызстанда орус тили расмий макамга ээ. Мындан улам кыргыз жарандарына биз өздөрүнүн айдоочулук күбөлүгү менен транспортту башкарууга, иштөөгө уруксат беришибиз керек деп эсептейм. Алардын күбөлүктөрү орус тилинде жазылган , алар орус тилин жакшы билишет”,-деди Матвиенко.

Ошондой эле, ал Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигине мүчө экенин эскертип, 1-июндан тартып Россияда күчүнө кирген мыйзам кыргызстандыктар үчүн ашыкча экенин кошумчалады. Мындан тышкары Матвиенко кыргыз делегациясы бул суроону Россияга болгон мамлекеттик сапарында жана Федерация Кеңешинин сапарында да көтөргөнүн айтты.

“Мен Владимир Владимирович бул сунушту колдоого алат деп ишенем. Бул туура чечим, биз дагы аны колдойбуз”,-деди Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина матвиенко.

Пикир

Оставить комментарий