• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Федерика Могерини Казакстанда «Достук» ордени менен сыйланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Касым-Жомарт Токаев Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси Федерика Могериниге «Казакстан менен ЕБдин ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө салым кошкондугу үчүн» биринчи даражадагы «Достук» орденин тапшырды. Бул тууралуу өлкөнүн расмий басылмалары 2-июлда кабарлашты.

46 жаштагы Могерини Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жетекчиси кызматын 2014-жылдан бери аркалап келет. Мындан тышкары ал Европа комиссиясынын төрага орун басары болуп эсептелет.

2015-жылы декабрда Казакстан менен Евробиримдик өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу жаңы келишим түзгөн. Кызматташтыктын 29 тармагын камтыган документке Казакстандын ал кездеги тышкы иштер министри Ерлан Идрисов менен ЕБдин тышкы иштер боюнча жетекчиси Федерика Могерини кол койгон.

Буга чейин «Достук» ордени менен европалык саясатчылардан Европа комиссиясынын мурдагы төрагасы Жозе Мануэль Баррозу сыйланган.

Быйыл майда Еврокомиссия Борбор Азиядагы мурдагы советтик республикалар менен «бекем, заманбап, үзгүлтүксүз өнөктөштүктү» жаратуу үчүн жаңы стратегия кабыл алган. Документте башка маселелер менен катар эле адам укуктары жана жарандык коомго колдоо көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө дагы жазылган.

Пикир

Оставить комментарий