• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Фейк маалыматтар менен күрөшүү: WhatsАpp бир катты бештен ашык кишиге жөнөтүүгө тыюу салды

Дүйнө 0

Бишкек, 22.01.19 /Кабар/. WhatsАpp мессенжери бир катты бештен ашык кишиге же топко жөнөтүүгө тыюу салды. Мындай чектөө менен компания фейк (такталбаган, калп) маалыматтарды таратпоого аракет кылууда, деп жазат Reuters. Жаңы норма 21-январда тарта күчүнө кирди.

Мурда WhatsАpp тиркемеси аркылуу бир эле билдирүүнү 20 кишиге же топко жөнөтүүг мүмкүн болчу. Ага чейин 250 колдонуучуга кат жиберүү мүмкүнчүлүгү бар эле.

Ошондой эле байланыштагы колдонуучулардын санына да кыскарат. Эгер мурда WhatsАpp мессенжери аркылуу 5000 чейин колдонуучу менен кат алышууга мүмкүн болсо, эми алардын саны 1280ге чейин кыскарды.

Би-би-синин маалыматы боюнча, бул норма алты ай мурун Индияда иштеп баштаган. Бул өлкөнүн өкмөтү WhatsApp'ты фейк маалыматтарды таркатууда деп күнөөлөгөндөн кийин мессенжер ушундай чектөөгө барган.

Эксперимент ийгиликтүү болуп, эми мындай чектөөнү бүт дүйнө боюнча киргизүү чечими чыкты.

Маалымат үчүн: WhatsАpp мессенжерин дүйнө боюнча 1 млрд адам колдонот.

Пикир

Оставить комментарий