• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Фейк маалыматтарга каршы мыйзам долбоору бюджетке оорчулук келтирбейт - депутат

Коом 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда социалдык тармактардагы маалыматтарды жөнгө салуу максатында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Мыйзамдын демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова.

Аталган мыйзам долбоорунун максаты интернет тармагында таралып жаткан жалган маалыматтардан жарандарды, юридикалык жактарды жана мамлекетти коргоо, алардын укугун жана эркиндигин камсыз кылуу. Интернет тармагында тараган маалыматтарды төмөнкү жолдор менен көзөмөлдөө: укуктук мамилелердин субъекттерин аныктоо, жөнгө салууну жүзөгө ашырууда ыйгарым укуктуу органдын функциялары, интернет-провайдерлердин жана колдонуучулардын укуктары жана милдеттери, интернетти колдонууда юридикалык мааниге ээ иш-аракеттердин ордун жана убактысын аныктоо эрежелерин тастыктоо.

Аталган мыйзам долбоорунун актуалдуулугу Кыргызстандын мыйзамы жетиштүү деңгээлде интернет тармагындагы маалыматты жөнгө салбай жаткандыгына байланыштуу.

Бүгүн аталган мыйзам долбоорун онлайн талкуулоонун жүрүшүндө эксперттик коомчулук мыйзам бюджетке, интернет провайдерлерге кошумча ооручулук келтирип калбайбы жана ыйгарым укуктуу орган ким болот?, - деген суроолорду узатышты. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Гүлшат Асылбаева бюджетке оорчулук келбей тургандыгын айтып, ыйгарым укуктуу органды өкмөт аныктайт деди. Бирок азырынча вариант катары Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментин ыйгарым укуктуу орган кылуу сунушталууда.

«Бюджетке эч кандай оорчулук келбейт, анткени өкмөттө оптимизация болору күтүлүүдө, бошогон бюджеттик каражаттарды аталган мыйзам долбоорун ишке ашырууга колдонсо болот», - деди ал.

Өз кезегинде Маданият министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Салкын Сарногоева аталган мыйзам аларга келип түшкөндүгүн жана алар өз сунуштарын киргизишкендигин билдирди. «Мыйзамды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн биз штаттык кызматкерлердин санын көбөйтүшүбүз керек болот. Бүгүнкү күндө департаментте 11 адам иштейт, бирок бул адистер жетиштүү болбойт. Ошондой эле техникалык жабдыктарды жаңылоо зарылчылыгы келип чыгат», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий