• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Феминисттер мечиттин жанында акция өткөрүштү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 7-июль /Кабар/. Бишкекте активист кыз-келиндер тобу "Бизге кантип кийинүү керектигин үйрөтпөгүлө" деген ураан менен акция өткөрүштү.

Борбордук мечиттин жанында уюштурулган акцияга чыккан феминисттер кийим тандоо ар бир жарандын өз укугу экенин жана эч ким башка бирөөгө талап коюп, мазактай албасын айтуу үчүн чыкканын билдиришти.

Муну менен алар Кыргызстан светтик мамлекет экенин эскертип, кыздарды чүмкөнүп кийүүгө мажбурлаганга эч кимдин укугу жок деп белгилешти.

5-июлда мектепти мыкты аяктаган улан-кыздар менен жолугушууда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "дин менен араб тили, маданияты эки башка нерсе" экенин айткан болчу.

Бүгүнкү акциянын уюштуруучулары буга чейин эркин кийинип жүргөнүнө байланыштуу орой мамилеге кабылганын айтышкан.

Акция тынч өттү.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий