• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Фергана-Алматы» багыты боюнча автобус жүрө баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Өзбекстан менен Казакстан Фергана өрөөнүнөн Казакстанды көздөй саякаттоону каалаган жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн «Фергана-Алматы» багытында автобус каттамын ишке киргизет.

Өзбекстан Транспорт министрлиги билдиргендей, алгачкы каттам 4-мартка белгиленген. Автобус 1202 чакырым жол жүрүп, 22 саат 20 мүнөттө белгиленген жерге жетет. Билеттерди Фергана автостанциясынан жана Алматыдагы «Сайран» автобекетинен сатып алса болот.

Эки өлкө ортосундагы автобус каттамы 90-жылдардын ортосунан баштап токтогон. 2018-жылы январда Өзбекстан менен Казакстан «Ташкент-Шымкент», ушул эле жылы апрелде «Ташкент-Алматы» багыты боюнча түз автобус каттамдарын ишке киргизген.

2019-жылы марттан тарта жүргүнчүлөр Ташкент-Астана-Ташкент багыты боюнча каттай баштаган. Былтыр апрелден баштап Түркстан менен Самарканд ортосунда да автобус каттамы ачылган.

Ташкенттен Кызылордага чейин жүргөн автобус да бар.

Пикир

Оставить комментарий