• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Фергана өрөөнүндө текстилдик ишкана курулмакчы

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 10.10.17. /Толонбай Курбанов - Кабар/. Өзбекстандын Наманган облусунда заманбап текстилдик продукция өндүрүүчү ишкана ачуу пландалууда.

“Узбеклегпром” компаниясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев өткөн жума күнү “Текстилдик өнөр жай сырьелук базасын диверсификациялоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” токтомго кол койгон.

Документке ылайык, долбоор 92 млн долларга бааланып, “Наманган шарбати”, Өзбекстандын Улуттук банкы жана “Узбекенгилсаноат” тарабынан демилгеленген.

Жаңы ишкана 2018-жылы ишке берилип, жыл сайын 7 миң тоннадан 10 миң тоннага чейинки текстилдик өнөр жай сырьелорун чыгарууга багытталат.

Пикир

Оставить комментарий