• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Фергана шаарында Баткен–Фергана–Согди облустарынын биргелешкен форуму өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Фергана шаарында Баткен–Фергана–Согди облустарынын биргелешкен форуму өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 22-23-апрелге белгиленген форум "Чек ара аймактарын интеграциялоо - өнүгүүнүн кепилдиги" деген аталышта өтүп жатат.

Форум Баткен, Фергана жана Согди облустарынын башчыларынын расмий жолугушуусу менен башталды.

Облус башчылары чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу, кошуна элдердин карым-катнашын бекемдөө, облустар аралык ар тараптуу кызматташууларды жандантууну макулдашышты. Жолугушууга үч облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Андан соң инвестициялык байланыштарды чыңдоону максат кылган "Чек ара аймактарын интеграциялоо - өнүгүүнүн кепилдиги" форумунун салтанаттуу ачылышы болду.

Анда облус башчылары сөз сүйлөп, ар бири аймактын инвестициалык потенциалына кеңири токтолуп, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти.

Жетекчилер айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, экспорттоо, өнөр жай, курулуш тармактары боюнча кызматташуу максаттарын билдиришти.

"Чек ара - картада гана болушу керек, жашообузда кошуна элдер, ынтымакта жашап, бакубат турмуш кечирүүгө татыктуу, ал эми бүгүнкү өтүп жаткан форум чектеш облустун ишкерлери үчүн зор мүмкүнчүлүк, алдыдагы кызматташуу алакаларды бекемдээрине ишенем", - деди Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев.

Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай району менен Өзбекстандын Фергана районунун ортосунда кызматташуу боюнча мемарандумга кол коюлду.

Форумдун алкагында Фергана облусундагы айыл чарба, өнөр жай, жеңил өнөр жай ишканаларында өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү болду.

Бул күнү облус башчылары үч облустан чогулган бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен Фергана облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Үч облустун ишкерлери жеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташуу пландарын талкуулап, айрымдары келишим түзүүгө жетишишти.

Форум бүгүн, 23-апрелде да уланууда. Алдыда үч облустун бийлик өкүлдөрү жана ишкерлери, тармактар боюнча кызматташууну бышыкташат.

Пикир

Оставить комментарий