• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ферганада бажы кызматкерлерин мажбурлап көчө шыпыртышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. 10-11-май күндөрү Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин Фергана облустук бөлүмүнүн кызматкерлери көчө шыпырып, жол жээгиндеги арыктарды тазалап, бактарды акташты.

Облус акимчилигинин өкүлү билдиргендей, бажычылар, салыкчылар жана башка бюджетте иштеген кызматкерлер ишембиликке облус башчысынын буйругу менен чыгарылган.

«9-майда Фергананын башчысы Шухрат Ганиев облустук акимчиликте чоң жыйын өткөрдү. Ал президент Фергана облусуна келе турганын айтып, ар бир мекеменин жетекчилигине тазалоо үчүн тилкелерди бөлүп берди. Ошондой эле ишти так аткарбаган жетекчилер жумуштан алына турганын эскертти» – деди ал.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкерлердин бири бажы органында иштеп жатып көчө шыпыргандан уялганын айтты.

«Башчыбыздын буйругу менен арыктарды тазалап, көчө шыпырып, бактарды актап жатабыз. Баарынан да эгер кайсыл уюмдансыңар деп сурап калышса ыктыярчы активист экениңерди айткыла дегени кызык болууда. Ишембиликке формаларыбызды чечип, үйдөгү кийим менен келишибиз керектигин айтышты», — деди ал.

Фергана облусундагы бул окуя 11-майда, өзбек өкмөтү бюджеттик ишканаларда эмгектенгендерди мажбурлап иштетүүнү токтотуу тууралуу токтом чыгарган күнү болгон.

Токтомдо мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле мектеп окуучулары менен студенттер көчө шыпыруу же пахта терүү өңдүү иштерге мажбурлап тартылбашы керектиги жазылган. Андан тышкары документте мамлекеттик органдар, анын ичинде Башкы прокуратура менен Эмгек министрлиги мындай практиканы токтотуу үчүн тиешелүү чараларды көрүшү керектиги белгиленген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий