• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ферганада КР жана ӨР чектеш облус жетекчилеринин Кеңешинин жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 29.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-мартта, Фергана шаарында (Өзбекстан Республикасы) өткөн Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Жыйынды ачкан өзбек премьер-министри Абдулла Арипов кыргыз делегациясынын келиши тараптар достук жана кызматташтык мамилелерин бекемдөөгө даярдыгын тастыктап турганын белгиледи. «Аз убакыттын ичинде биздин мамлекеттер ортосундагы эки тараптык мамилелер сезилээрлик деңгээлде жанданды, өкмөттүк делегациялардын алмашуусу жүрүп жатат. Бизди жалпы көп кылымдык тарых, окшош маданий жана рухий баалуулуктар , салттар жана үрп адаттар байланыштырып турат. Өзбекстан ар дайым жакынкы коңшуларына, анын ичинде биз үчүн жакын Кыргызстанга дагы ачык, достук иретинде саясат жүргүзүүнү карманат», - деди Абдулла Арипов.

Ал белгилегендей, эки бир тууган элдин мамилелеринин мындан ары өнүгүүсү күн сайын жаңы күчкө ээ болуп жатат, анын айтымында, бул транспорттук маалыматтардын жакшыруусуна өбөлгө түзөт.

Абдулла Арипов Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күнүн өткөрүүгө жигердүү даярдык жүрүп жатканы тууралуу маалымат берди. Аны менен катар өлкөнүн аймагында кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү пландалган.

Өз кезегинде Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков эки өлкөнүн жарандарынын соңку мезгилдеги кыргыз-өзбек мамилелерине канааттануусун белгилеп өттү.

«2017-жылдагы эки өлкөнүн президенттери демилгелеген кадамдарды өзгөчө белгилеп кетким келет. Алар биздин бүгүнкү жолугушууларга, регионалдык зарыл маселелерди талкулоого жол ачты. Аны менен катар акыркы мезгилде биздин өлкөлөр ортосунда абдан маанилүү келишимдерге кол коюлду. Биз ушундай эле темп менен алдыга кете беришибиз керек. Андан тышкары комиссиянын деңгээлинде абдан маанилүү макулдашууларга жетишкенибиз сүйүнтпөй койбойт», - деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр бүгүнкү сүйлөшүүдөгү формат тоскоолдуктарды жоюп жана эки өлкөнүн региондор ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты жакшыртуу үчүн шарттарды түзөөрүнө көңүл бурду.

Өкмөт башчы өлкөлөр ортосунда экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын чоң келечеги бар экендигин жана аны эки өлкөнүн кызыкчылыгында өнүктүрүү керектигин белгиледи.

Сапар Исаков өлкөлөр ортосундагы маалымат алмашууларды жогорулатуу үчүн «Достук-автожол» көзөмөл-өткөрүүчү пункттунда кошумча чек ара көзөмөлдөөчү кабиналар коюлуп жатканын баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө өзбек тараптан Фергана, Андижан жана Наманган облустарынын хокимдери сөз сүйлөшүп, облустарынын соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишкендиктери тууралуу маалымат беришти.

Маалымат берип жатышып, алар Кыргызстандын чектеш региондору менен мындан ары дагы тыгыз кызматташууга даяр экенин билдиришти.

Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, ар бир облустун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришип, региондордун соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө кыскача токтолушту.

Жолугушунун жүрүшүндө региондор аралык кызматташтык, соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттешүү, маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүү, мамлекеттик чек-ара тилкелеринен өтүү шарттарын жакшыртуу жана башка эки тараптык кызматташтыктын актуалдуу маселелери тууралуу бир катар келишимдерди ишке ашыруу каралды.

Жыйындын жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык жүгүртүүнү өстүрүү мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде тоо-кен, жеңил өнөр жай жана туризм тармагында биргелешкен ишканаларды куруу маселелерин талкуулашты. Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилер Кеңешинин жыйынынын жыйынтыктоочу протоколуна кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий