• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ферганада кыргыз жана өзбек ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өттү

Экономика 0

Бишкек, 20.03.21. /Кабар/. Кечээ Фергана шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын эки облусунун ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Фергана облусунун басма сөз кызматынын жетекчиси Дилмурод Жумабоев билдирди.

Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров жана Нарын облусунун губернатору Сабыркул Ашимбаев келечектүү бизнес долбоорлорду ишке ашырууга эки тарап тең бирдей кызыкдар экенин баса белгилешти.

Бизнес-форумдун алкагында бет ачар болуп, анда жергиликтүү ишкерлерге Нарын облусунун инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, пайдалуу кендер, мал чарбачылыгы, жол-транспорт тармагынын жетишкендиктери, ошондой эле, аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилди.

Катышуучулар “Нарын” эркин экономикалык аймагынын инвестициялык чөйрөсү, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн каралган жеңилдиктер тууралуу биле алышты. Облуста малчылык кеңири өнүккөнү жана эт-сүт азыктары Кытай, Япония жана БАЭге экспорттолору белгилүү болду. Аймак географиялык жактан пайдалуу аймакта жайгашкан, ал жерден Кытайга жана башка чет мамлекеттерге чыгууга болот. Бир сөз менен айтканда, бизнес үчүн транспорттук коридор боло алат. Тоолор, чексиз шалбаа, тунук суулар – укмуштай кооз жаратылыш туристтерди өзүнө тартып, туризм тармагын андан ары өнүктүрүүнүн фактору катары кызмат кылат.

Форумдун кыргызстандык катышуучулары өз кезегинде Фергана облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, инвестициялык мүмкүнчүлүгү, ошондой эле, “Кокон” эркин экономикалык аймагы жана иштеп жана курулуп жаткан чакан өнөр жай зоналары тууралуу маалымат алышты. «Fergana stone paper» ишканасынын жетекчиси Абдурахмон Ниёзов минералдык жер семирткичтер маселеси боюнча, ал эми Uz-Segang өзбек-корей ишканасынын башкы директору Хуршид Норматов жашылча-жемиштерди экспорттоо жана импорттоо тууралуу пикири менен бөлүштү.

Бизнес-форумдун жыйынтыгында жетекчилер Нарын жана Маргилан шаарларынын, Нарын жана Кувинск, Кочкор жана Алтыарык, Жумгал жана Ташлак райондорунун, Ак-Талаа району менен Кувасай шаарынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту. Фергана жана Ат-Башы райондорунун ортосунда кызматтштык мурда эле башталган жана бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтүү уланып келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий