• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ферганада милиция кызматкерин паспорт текшерип жүргөндө бычактап кетишти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 25.08.17 /Кабар/. Фергана облусунун Алтыарык районунун тилкелик инспектору жергиликтүү жашоочулардын паспортторун текшерүү маалында өлтүрүлдү. Күбөлөрдүн жана “Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматы боюнча окуя 18-августта болгон.

Маалыматтарга караганда, 29 жаштагы лейтенант Данияр Ортиков “Тазалоо” операциясынын алкагында Катпут айлында жашоочулардын паспортун текшерип жүргөндө бычак жеген.

"Өткөн аптада биздин айылда атайын операция өттү. Милиция кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, паспортторду текшеришти. Тилкелик милиционер Данияр Ортиков айылдагы жашоочулардын биринин үйүнө киргенде үй ээси менен жаңжалдашып кеткен. Натыйжада айыл тургуну аны бычактап салган", – деди өз булактардын бири.

Укук коргоо органдарынын кызматкеринин өлүмү боюнча мурда уурулук үчүн соттолгон Аббас Холикназаров аттуу жергиликтүү тургун кармалды.

Пикир

Оставить комментарий