• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ферганада уулу атасын кетмен менен башка чаап өлтүрдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.04.18 /Кабар/. Өзбекстандын Фергана облусунда жергиликтүү жашоочу 56 жаштагы атасынын башын кетмен менен чаап таштады. Күбөлөрдүн айтымында, ата-бала картошка айдоо маалында урушуп кетишкен. Атасынын өлтүрүүгө айыпталган уулу окуя болгон жерден качып кеткен.

Трагедия 10-апрелде болгон. Маркумдун кошуналарынын биринин айтымында, башы жарылган 56 жаштагы Дадажон Кучкаров ооруканада көз жумган.

"10-апрелде атасы уулу менен үлүшкө тийген жерге картошка айдоого кеткен. Анан экөөнүн ортосунда жаңжал чыгат. 30 жаштагы уулу атасын кетмен менен ушундай катуу чапкан экен, моюнунун бир бөлүгү үзүлүп кетиптир. Кылмышкер баласы окуя болгон жерден качып кеткен. Азыр аны издеп жүрүшөт. Дадажон-ака өзүнө келбей ооруканада көз жумду. 11-апрелде анын сөөгүн жерге бердик," – деди ал.

Айыл активисттеринин бири Дадажон Кучкаров өтө катаал киши болгонун жана уулун көп уруп-сокконун билдирди.

"Биз бир мааледе жашачубуз жана алардын үйүндөгү окуяларга күбө болуп турдук. Маркум Дадажон-аканын бир уулу, эки кызы бар. Кыздары Орусияда иштешет. Баласы кичине кезинде эле көп токмок жеди, бул анын психикасынан терс таасирин тийгизди", – деди жергиликтүү активист.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий