• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ферганадан чыккан миллионер Өзбекстанда брондолгон автоунаа чыгарган завод курат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.03.18 /Кабар/. Фергана облусунда төрөлгөн, учурда Бириккен Араб Эмиратында жашаган 38 жаштагы машина куруучу Улугбек Максумов Өзбекстанда брондолгон автоунаа чыгаруу боюнча завод курууну пландоодо.

Ал президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстан экономикасына капитал салууну каалаган инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүлөрүн жарыялагандан кийин ушундай чечимге келгенин билдирди.

"Өзбекстан президенти жүргүзүп жаткан реформалар элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган. Мен Ферганада чоңойгом. Өлкөмө келип, жүздөгөн жумуш орундарын түзүп, өлкөмдүн өнүгүшүнө салым кошкум келет", – деди Улугбек Максумов.

Максумов Бириккен Араб Эмиратына 2006-жылы турист катары келген. 2012-жылы ал Дубайда брондолгон аскердик жана жарандык автоунааларды чыгарган INKAS заводун курган. Учурда завод жылына орто эсеп менен тогуз үлгүдөгү 800дөй машина чыгарат. INKAS Дубайда брондолгон автоунааларды өндүргөн эң ири завод болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий