• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Фермерлердин жеңилдетилген насыяларды кайтаруусу 99%ды түзөт – А.Оморкулов

Экономика 0

Бишкек, 11-апрель /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Фермерлердин жеңилдетилген насыяларды кайтаруусу 99%ды түзөт. Бул тууралуу бүгүн “Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу” жана айыл чарбасын, кайра өндүрүү өнөр жайын мындан аркы өнүктүрүү чаралары жөнүндө маалымат жыйында “РСК Банк” ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки айыл чарбасын каржылоо боюнча насыяларды кайтарбоо пайызы төмөн.

“Насыя алуу боюнча маселе жок. 250 миң сомго чейинки насыя алууга паспорт, нике тууралуу күбөлүк, айыл чарба жеринин же жаныбарлардын таандыгы тууралуу документ гана керек. 250 миңден жогору ошол эле документтер жана Соцфонддун, салык кызматынын карыздары жоктугу тууралуу маалымдамасы зарыл”, -деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле, А.Оморкулов насыяны кайтарбагандарга ишенбөөчүлүк пайда болуп калганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий