Фермерлерге 5,6 млрд сомдон ашуун жеңилдетилген насыя берилген – вице-премьер

Экономика 0

Бишкек. 15.04.19 /Кабар/. «Айыл чарбасын каржылоо - 7» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 11,3 миң айыл чарба товар өндүрүүчүлөргө 5,6 млрд сомдон ашуун жеңилдетилген насыя берилген. Бул тууралуу Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде вице-премьер-министр Замирбек өкмөттүн 2018-жылга карата отчетунун негизинде билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба субъекттери үчүн насыя каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында өкмөт тарабынан 2018-жылдын ноябрында «Айыл банк» ААКны капиталдашырууга республикалык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн, анын натыйжасын 2019-жылдан баштап көрүү күтүлүүдө. Мамлекеттик лизинг долбоору боюнча 2018-жылы 643,2 млн сом суммасына 338 даана ар кыл айыл чарба техникалары берилген. Бул 15 машина-трактордук станциянын ачылышына өбөлгө болду», - бул тууралуу Замирбек Аскаров билдирди.

Андан соң вице-премьер-министр тышкы соода жүгүртүү көрсөткүчтөрүн келтирди, ал 2018-жылы 6,67 млрд АКШ долларын түзгөн жана 6,6% көбөйгөн.

«Экспорт 1,76 млрд АКШ долларын түзүп, 2017-жылдын деңгээлинде калган. Ушуну менен катар алтындын көлөмүн кошпогондо республиканын экспорту 1,1 млрд АКШ долларын түзгөн жана 3,4% көбөйгөн. Ошол эле учурда ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерине экспорттоо 5% өскөн. Алтынды эсепке албаганда, товарларды экспорттоонун өсүүсү кантты - 7,2 эсе, цементти – 4,1 эсе, жез жана жез буюмдарын – 3,3 эсе, керамикалык буюмдарын – 1,7 эсе, мунай жана мунайзат өндүрүмдөрүн – 1,6 эсе, пахта буласын – 1,5 эсе, электр лампасын – 23,1 %, кийим-кечени– 22,2%, желим буюмдарды – 11,1%, полировкаланган айнекти – 7,2% ташуунун эсебинен камсыз кылынган», - деди вице-премьер-министр.

Замирбек Аскаров маалымдагандай, импорт 4,9 млрд АКШ долларын түзгөн жана 2017-жылдан бери салыштырганда 9,2% көбөйгөн. Ал түшүндүргөндөй, импорттук түшүүлөрдүн көлөмүнүн көбөйүүсү трикотаждык кездемелерди ташып келүүнүн 3,1 эсе, кийим-кечеге керектүү буюмдарды – 1,4 эсе, тери буюмдарын – 1,4 эсе, кара металл – 23,2%, желим жана желим буюмдарды – 23%, жабдууларды жана механикалык жабдыктарды – 22,7%, кагаз жана картонду – 21,9%, электр машиналарын жана жабдууларын – 16,9% ташып келүүнүн эсебинен камсыздалган.

«Белгилей кетсек, импорттун өсүүсү көбүнесе атамекендик товар өндүрүү үчүн зарыл болгон импорттук сырьенун жана жабдуулардын көбөйүшүнө байланыштуу. Мисалы, тигүү тармагы үчүн импорттук кездемелер, фурнитура, тигүү жабдуулары колдонулат. Ошондой эле 2018-жылы атамекендик өндүрүштү өстүрүү максатында өлкөгө 1069 трактор жана жабдуу алып келинген. 2019-жылы бул жабдуулар жана техникалараркылуу иштелип чыккан экспорттук продукциялардын көлөмүнүн көбөйүшү күтүлүүдө», - деп кошумчалады Аскаров.

Пикир

Оставить комментарий