• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Фестивалдын алкагында жаш сүрөтчүлөрдүн чыгармасы музейге жайгаштырылды

Коом 0

Бишкек, 07.09.17. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде “Lions” эл аралык ассоциациясынын 100 жылдыгына карата III “Улуу Жибек жолунун жылдыздары” аталыштагы фестиваль старт алды.

Мындай окуянын урматына “Lions” уюму республикалык "Балажан" методикалык окутуу борбору менен биргеликте сынак өткөрүштү. Анда Кыргызстандын булуң бурчунан келген 500гө жакын окуучу катышты. 240 чыгарма тандалып алынып, алардын 30у ардак грамота жана белектер менен сыйланышты.

Lions Clubs International – эл аралык өкмөттүк эмес диний эмес уюм, дүйнө жүзү боюнча кызматтык клубдарды бириктирип турат. Уюмда 1,35 миллионго жакын адам жана 46 миң клуб бар.

Пикир

Оставить комментарий