• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Февраль айында “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компания тарабынан 911,6 млн. сом чогултулду

Экономика 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. Февраль айында “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарына 671 млн. кВт.саат электр энергиясы келип түштү, бул 2016- жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 55,6 млн. кВт.саатка көбүрөөк. “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн айга болгон товардык продукциясы 916,8 млн. сомду түзүп, анын 911,6 млн. сому (99,4 %) чогултулган. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Февраль айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу

калк арасында – 107,7 %

өндүрүштүк объектилерден- 92,6 %

бюджеттик уюмдардан – 88,9 %

айыл чарба объектилеринен – 87,1 %

жана башка керектөөчүлөрдөн –89,7 % аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй:

борбор калаабызда төлөм чогултуу 96,1 %

Чүй облусунда - 103,7 %

Талас облусунда – 97 % түздү.

Бюджеттик уюмдар категориясындагы төлөм чогултуу деңгээлинин төмөндүгү аталган уюмдардын толук каржылана электиги менен түшүндүрүлөт. Өз убагында бюджеттик уюмдардын каржылана элеги “Түндүк электр” ААКнын жалпы төлөм чогултуу деңгээлинин убактылуу төмөн түшүсүнө алып келди. Кийинчирээк кырдаал турукташат.

Пикир

Оставить комментарий