• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коомдук транспорттордо санитардык эрежени сактабагандарга айып салынууда

Коом 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери КР транспорт жана жолдор министрлигине караштуу транспорт инспекциясы жана Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен биргеликте коомдук транспорттордун санитардык абалын, санитайзердин бар-жогун жана айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн бет кап тагынуу тартибин сактоону текшерүүдө.

Мэриянын маалыматы боюнча, пандемия шартында ар бир тартип бузганга эскертүү берилүүдө, ал эми тартип бузуу кайталанган учурда КР “Мыйзам бузуу тууралуу” кодексине ылайык, административдик протокол толтурулат.

“Февраль айынын башынан бери 337 транспорт каражаты текшерилип, санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн жалпы 59 миң сомдук айып салынды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы жарандарды бет кап тагынууга, колду антисептикалык каражаттар менен тазалап турууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий