• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Февралда “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компания тарабынан 973,1 млн. сом чогултулду

Коом 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Февраль айында “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарына 675 млн. кВт.саат электр энергиясы келип түштү. Бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 47,6 млн. кВт.саатка аз.

“Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн айга болгон товардык продукциясы 965,6 млн. сомду түзүп, анын 973,1 млн. сому (100,8 %) чогултулган.

Февраль айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу:

калк арасында –100,6 %,

бюджеттик уюмдардан –126,6 %,

айыл чарба объектилеринен – 100,9 %,

өндүрүштүк объектилерден- 97,3 %,

жана башка керектөөчүлөрдөн –89,9 % аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй:

борбор калаабызда төлөм чогултуу 90,2 %,

Чүй облусунда –112,3 %,

Талас облусунда –108 % түздү.

Пикир

Оставить комментарий