• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«FHI» кайрымдуулук фонду Социалдык өнүктүрүү министрлигине 400 миң сомду түзгөн азык-түлүк баштыкчаларын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрелде «FHI» коомдук кайрымдуулук фонду Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 400 000 сомду түзгөн 500 азык-түлүк баштыкчаларын тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Министр Улукбек Кочкоров көрсөтүлгөн колдоо үчүн терең ыраазычылык билдирип, берилген азык-түлүктөр гемодиализ кызматтарын алган жарандарга, “Оберег” коомдук бирикмесине, “Рука в руке” ресурстук борборуна жана “Услышь меня” коомдук кайрымдуулук фондуна тапшырылаарын айтты.

Фонддун өкүлдөрү бир нече жылдан бери Кыргызстанда муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүп келээрин белгилешти. Ушул жылдын апрель айында фонд тарабынан жалпы суммасы 950 000 сомду түзгөн азык-түлүктөрдү 1115 үй-бүлөгө таркатылган.

Пикир

Оставить комментарий