• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ФИДЕ президенти Өзбекстанды шахматтын мекени деп жарыялоону сунуштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДЕ) президенти Кирсан Илюмжинов Өзбекстанды расмий түрдө шахматтын мекени деп таанууну сунуштады. Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин сайтында шахматтын мекени Пакистан, Индия же Иран эмес, Өзбекстан экени жазылган.

Илюмжинов 4-июнда Ташкентте Өзбекстандын олимпиада комитетинин мүчөлөрү менен жолугуп, ФИДЕ Эл аралык олимпиада комитетин Өзбекстанды шахматтын мекени деп таанууга чакырган расмий билдирүү даярдап жатканын айтты.

Өз сөзүндө Илюмжинов илимий изилдөөлөр тууралуу айтканы менен, бул билдирүүсүнө далилдерди келтирен жок. Ал 2013-жылы шахматтын мекени деп Индияны атаган.

Илюмжиновдун бул билдирүүсү Эл аралык шахмат федерациясындагылар анын отставкасын талап кылып жаткан маалга туура келди. АКШнын Каржы министрлиги Илюмжиновго каршы санкция киргизгендигине байланыштуу учурда ФИДЕ олуттуу каржы кыйынчылыктарына дуушар болууда. Илюмжиновдун отставкасы тууралуу маселе федерация тарабынан 7-8-апрель күндөрү Минскте көтөрүлгөн.

Кирсан Илюмжинов ФИДЕни 1995-жылдан бери жетектеп келет. Анын президенттик ыйгарым укуктары 2015-жылы, ага АКШнын Каржы министрлиги санкция киргизгенден кийин чектелген.

Тарыхчылардын көбү үчүн шахматтын кайда пайда болгондугу көп деле талаш маселе эмес. 2013-жылы англиялык тарыхчы Г.Я.Р. Мюррей шахмат оюну алтынчы кылымда Индияда пайда болгонун далилдеген. Дагы бир тарыхчы Мэрилин Ялом да кесиптешин колдоп, оюн санскрит тилинде «чатуранга» деп атала турганын билдирген.

Ал далил катары биздин заманга чейинки 600-жылы байыркы перс тилинде жазылган романга шилтеме кылган. Анда перстер оюндун негиздерин, анын ичинде 65 чарчы жана алты башкы фигураны Индиядан алганы тууралуу жазылган.

Пикир

Оставить комментарий