• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ФИФА кыргыз футболуна колдоо көрсөтөт

Спорт 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. ФИФА коронавирустун экономикалык таасирлерин жоюу жана Кыргызстандын футбол бирикмесин колдоо үчүн 1,5 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги жазат.

1,5 млн доллар өлчөмүндөгү каржылык жардам уюмга мүчө бардык футбол федерацияларына берилет.

Кыргызстандын футбол бирикмеси билдиргендей, ал каражаттын бир бөлүгү өлкөнүн футбол боюнча биринчилигин кайра жандандырууга жумшалат.

Кыргызстандын футбол бирикмесинин басма сөз катчысы Адилет Керимбековдун айтымында, азырынча каражат бөлүнө элек.

"Грантты алуу үчүн федерация арыз бериши керек. 500 миң доллар кыз-келиндер футболун өнүктүрүүгө жумшалат. 1 млн доллар аткаруучу комитеттин жана федерациянын жетекчилигинин чечими менен бөлүштүрүлөт. Негизинен акча курамалардын жана премьер-лиганын командаларын окутуу, машыгууларына жумшалат. Каражат кыргыз футболун сактап калууга жана пандемиянын кесепеттерин азайтууга жумшалат", - деген ал.

Пикир

Оставить комментарий