• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ФИФА рефери Р.Шекербеков Азия чемпионаттарынын Лигасынын топтук баскычтарына дайындалды

Спорт 0

Бишкек, 20-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кырызстандык ФИФА рефери Рысбек Шекербеков Азия чемпионаттарынын Лигасынын топтук баскычтарына дайындалды. Бул тууралуу Кр футбол федерациясы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 24-25-апрелде турнирдин топтук баскычынын 5-туру өтөт.

А тобунун мелдештеринде ирандык «Эстеглал» БАЭ «Аль-Ахли» командасы менен беттешет. 4 турдун жыйынтыгы боюнча командалар 7 упайдан топтошкон. Мелдеш Тегеранда “Азади” стадионунда өтөт.

Бул жолугушууну Япониядан келген соттордун бригадасы тейлейт. Резервдик арбитр катары Рысбек Шекербеков дайындалган.

Эскерте кетсек, 2017-жылы Р.Шекербеков Азия-2019 Кубогунун тандоо раундунда калыстык кылып, АФК-2017 Кубогунда резервдик арбитр катары болгон.

Пикир

Оставить комментарий